SerepTV Logo

"Арабызда бир орус жараны жок". Нарматова депутаттарга кыргызча сүйлөөнү сунуштады

"Арабызда бир орус жараны жок". Нарматова депутаттарга кыргызча сүйлөөнү сунуштады
Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова да тил маселесин көтөрдү. Анын айтымында, парламентте бир гана кыргыз тилинде сүйлөө керек. "Жалпыбызга сунуш катары айткым келет. Биз - Кыргыз мамлекетибиз, мамлекеттик тилибиз - бул кыргыз тили. Ошондуктан, өзүбүздүн тилибизде Жогорку Кеңеште өзүбүз сыйлай билели. Арабызда бир да орус жараны жок, чү дегенде эле, баштаганыбыз туура эмес. Өзүбүздү сыйлайлы, анан башкалардан талап кылалы", - деди ал. Буга чейин депутат Адахан Мадумаров "Аталасын чыгарбай, же кыргызча, же орусча сүйлөйлү" деген.