Араб шейхтеринин ысымы Ысык-Көлдөгү мөңгүлөргө берилет
6-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынындаЖети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян 20-кылымдын көрүнүктүү тарыхый инсаны, БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти, ал жети эмиратты бир бүтүнгө бириктирүүдө жана БАЭнин өнүккөн мамлекет катары түзүлүшүндө салымы чоң.
Андан тышкары, Жети-Өгүз районундагы Сары-Чат дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө “Король Абдулазиз” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, экинчи окууда кабыл алынды. Эл өкүлдөрү мындай мамиле сый-урматтын белгиси, эки элдин достугунун символу экенин белгилешти.