SerepTV Logo

Аптага сереп: Сөздөн жаңылган турбайт! Марипов элди түп көтөрүп жиберейин дедиби?

Аптага сереп: Сөздөн жаңылган турбайт! Марипов элди түп көтөрүп жиберейин дедиби?
Бүгүн күнгө жекшемби, 7-февраль. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 4 айдан ашуун убакыт өттү. Бул аралыкта президенттик Сооронбай Жээнбековдон Садыр Жапаровго, Садыр Жапаровдон убактылуу Талант Мамытовго, анан шайлоо өтүп, кайра Садыр Жапаровго өттү. Жогорку Кеңештин төрагасына келсек, Дастан Жумабековдон кыска убакытка Мыктыбек Абылдаевге, кийин Канат Исаевге, андан ары спикерлик Талант Мамытовдун колуна тийди. Өкмөт башчылыкка токтолсок, бул чоң кызмат Кубатбек Бороновдон үч жолку добуш берүү аркылуу Садыр Жапаровго өтүп, ал шайлоого кеткенде убактылуу Артем Новиковго тапшырылып, бул аптада министрлер кабинетин жетектөөгө Улукбек Марипов келди. Жогорку бийлик башында тургандардын акыркы 4 ай ичиндеги орун алмашуулары ушундай болуп жатты. Эми кезек андан төмөн турган тепкичтерде... “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде орун алган чоң окуялардын тегерегиндеги чоң талкууларга саресеп салууну чечтик. *** Аптанын көз ачып жумганчалык ирмеминде ишке ашкан окуясы – бул албетте, Улукбек Марипов баштаган жаңы өкмөттүн келиши болду. Туура бир апта мурда ушул күнү анын ысымы күбүр-шыбырдын деңгээлинде эле айтылбаса, бул жуманын биринчи күнү өткөн жыйынга дейре премьер-министр ким болорун эч бир расмий өкүл оозанып биринчи айткан жок. Мунун себеби анын аты-жөнү жашыруун сыр болгонунда эмес, дээрлик акыркы сааттарга чейин маселенин бир жаңсыл чечилиши созулганында болгон көрүнөт. Бул бир эсе Мариповдун парламенттин көпчүлүк коалициясынын жыйынына өзү эле соксоюп келгенинен да билинди. Ал өкмөттүн жаңы курамы жана түзүмү менен эртеси гана тармактык комитеттин жыйынына келди. Дагы бир күндөн кийин Жогорку Кеңештен колдоо таап, ошол эле күнү ант берип, кечинде президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жыйын өтүп, анын эртеси эле Алматыга учуп кетти. Айтор, өлкөнүн соңку тарыхында аты аталбаган адамдын чагылгандай тездик менен кызматка келүүсү боюнча жаңы рекорд коюлду сыяктуу. Бул аралыкта коомчулукта кандай суроолор жаралып жатты? Улукбек Марипов кимдин адамы же анын “крышасы” ким? 10-январда болуп өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров жеңип чыгары менен эле өкмөт башчылыкка ким келери талкуу болуп баштаган. Бул аралыкта Артем Новиков өзү эле калат экен деген сөздөрдөн баштап, Мелис Мырзакматовдун ысымынын тегерегинде күбүр-шыбыр кептер көп жүрүп, андан ары “Көк үйгө Камчыбек Ташиев өзү келет” деген имиштерден соң жогорудагы талкуулар басаңдай түшкөн. Мариповго келсек, анын талапкерлигинин ортодон чыга калышы көпчүлүккө таң каларлык болду. Соңку 10 жылды алып карасак, Атамбаев, Бабанов, Сатыбалдиев, Оторбаев, Сариев, Жээнбеков, Исаков, Абылгазиев, Боронов – алардын баары же саясий партиянын лидери, же экс-депутат, же өкмөттүн курамында кайсы бир министрликти жетектеген, же президенттик аппаратта карьера жасаган деңгээлдеги аткаминерлер болгон. Бул жагынан алып караганда, Улукбек Марипов соңку 10 жылдын жарымында Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда анын жардамчысы болсо, калган жарымында министрликтей чоң эмес, бийлиги жана таасири да ошого жараша салыштырмалуу аз Эсептөө палатасын башкарган. Буга бир жагынан Мариповдун жаштыгы да себеп болушу ыктымал, ал азыр 41 жашта. Мындан 3 жыл мурда Сапар Исаков 40 жашында өкмөт башчылыкка президенттик аппараттын жетекчилик кызматынан секирик жасап келген эле. Бирок 8 айга жетпей ага парламент ишенбестик көрсөтүп кызматтан кеткен. Бул жагдайды бир себептен улам эске түшүрүп жатабыз. Улукбек Марипов Алмазбек Атамбаевдин тушунда анын командасында болгон же кайсы бир кызматка келген жетекчи катары Сооронбай Жээнбековдун бийлигинде креслосун сактап калган саналуу адамдардын бири. Жаңы өкмөт башчынын кимдин адамы экендиги тууралуу талкуулар да көп. Жаңы бийликтеги кадрдык маселелерди эки гана адам чечип жатканынан алып карасак жана өкмөттү башкаруунун башка колго өтүшүнүн бачымдыгына көңүл бурсак, анда ал көбүрөөк биринчи колдун ээсине жакын болуп чыга келет. Анын үстүнө мамлекетти башкаруу президенттик формага өтүү жолунда бара жатканда өкмөт башчыга түшкөн сын-пикир – бул президентке эле түшкөн сын-пикирге айланары бышык. Ошондон улам да, жаңы өкмөткө жүгүн азырынча сезе элек Улукбек Марипов эмес, эртеңки күн үчүн убайым тарта баштаган Садыр Жапаров күйүп жатат. Алсак, ал кечээ өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча каралоо жүрүп жатканын айтып, ар бир жасалган кадамды сындабай, иштин жыйынтыгын күтүүгө чакырды. Улукбек Марипов кызматка киришип-киришпей жатып, эмне үчүн сындарга кабылды? Жогоруда анын чоң кызматты аркалоо тажрыйбасы аздыгы, балким жоктугу тууралуу козгой кеткенибиз жөн жеринен эмес болчу. Ал Төрткүл суу сактагычы боюнча сөзүнөн жаңылды. Жана ага чейин “5 миң 600 сомго 1 ай жашаса болот” деп айтканы кийинки катачылыктан улам унутта да калды. Марипов депутаттар тарабынан берилген суроого жооп берип жатып “Төрткүл суу сактагычынын каналынын баш жагын тилекке каршы, берип салышыптыр” деди. Бул билдирүү дароо эле от алып, өкмөт жаңылыштыкты моюнга алып, “Төрткүл суу сактагычы жана ага куйган каналдар Кыргыз өлкөсүнө таандык” деп маалымат таратканы жардам берген жок. Депутат Тазабек Икрамов кырдаалды тактоо үчүн депутаттык комиссия түзүү керектигин да сунуштап жиберди. Ал эми Баткен облусунда жарандар тобу Улукбек Мариповдун келишин, айткан сөзүнүн баштан-аяк чоо-жайын түшүндүрүп берүүсүн талап кылды. Аталган суу сактагыч 11 миң гектардан ашуун талааны суу менен камсыздап, стратегиялык мааниге ээ. Чек арадагы талаш-тартыштар такай чоң чырлар менен коштолот. Жана элдин бийликке карата ишеними калбагандыгы бир канча жолку кейиштүү окуялардын жыйынтыгынан улам келип чыккан. Төрткүл суу сактагычынын тагдыры да азырынча чынында кандай экендиги белгисиз. “Мен тактадым” деген Марипов чындап эле жаңылдыбы? Же ал жерде дагы башка мандем иштер барбы? Андай болсо, жакын арада чуулуу кылмыштар ачыкка чыгабы?.. *** Аптанын дагы бир талкуу жараткан окуясы – бул сотко чакырылган күнгө бир күн калганда Сооронбай Жээнбековдун жубайы менен Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетиши болду. Анын кайра 10 күндөн кийин келери айтылды, бирок так келеби же жокпу бул күндөр аралыгында абалды сырттан байкоо жүргүзүүдөн билиниши мүмкүн. Акыркы учурда Жээнбековдун  дарегине карата жоопко тартуу боюнча талаптар көп айтыла баштаган. Бир жагынан өткөн жылда пандемия учурундагы алешемдиктердин четинен ачыкка чыга баштоосу, экинчи тараптан октябрь айындагы окуяларда жапа чеккен жарандардын тобу. Үчүнчүдөн, учурда абакта отурган экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин сотуна чакырылышы. Буга чейин жактоочулардын экс-президентти сотко чакыруу суранычын судья канааттандырган болчу. Зилалиев банктын ячейкасынан чыккан миллион доллар Жээнбековдун шайлоо кампаниясына коротулмак деген. Бул боюнча адвокат Таалайгүл Токтакунова “Саясий коктейль” берүүсүндө “Балким, Сооронбай Жээнбековдо «кара касса» деген ызы-чууга жиптин учугу барып калат деген чочулоо болуп жаткандыр” деп айткан. Башкы прокурор Курманкул Зулушев бул боюнча Сооронбай Жээнбеков сөзсүз сотко барышы керек” деп эсептейт. “Кара касса” деп атыккан чууну эске түшүрө кетсек... 2018-жылы юрист Нурбек Токтакунов Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалыматты чыгарган. Ал штабдын кассасы делинген эсепти, анда 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда 1,7 миллиард сом акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле. “Президентке импичмент жарыялоого негиз пайда болду. Кайсы бир деңгээлде бул файл шайлоодогу уурулук боюнча инструкция боло алат” деп Нурбек Токтакунов жазган болчу. Бул маалымат ачыкка чыгып кеткен соң Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов жана каржы маселеси боюнча өкүлү Надира Сатыгул кызы таратылган документти чындык дешкен. Бул иш көтөргөн тараптын бир канча чуулууу билдирүүлөрү менен коштолгонуна карабай, ошол кезде басты-басты болуп, суракка баруудан баш тарткан Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө кармалгандыгы менен аягына чыккан. Албетте, ал учур менен бул учурдун асман менен жердей айырмасы бар. Баардыгы көзү менен айланып тургандай сезилген ажонун колунан бийлиги алынары менен анын алеки заматта абакка киргизилип калышы мүмкүн экендигине кыргыз эли эки жыл мурда гана күбө болгон. Мындайды ишке ашырып көргөн адамдын башына ошол тагдыр бумеранг болуп кайтабы?.. Же мекенине кайтпай коюп кутулабы?.. Сүйлөшүүгө барабы?.. Бул жаз да саясий окуяларга жыш болот көрүнөт...
admin@supertv.kg