Апсатаровдун кызматтан бошотулганы 10 күндөн кийин гана ырасталды
Бекбосун Апсатаров УКМКнын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу орун басарлыктан бошотулган. Ал 2020-жылдын октябрь айында УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалган эле.
4-июлда айрым ЖМКлар Бекбосун Апсатаровдун УКМКнын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулганын өздүк булактарына таянуу менен жазып чыгышкан. Бирок УКМК да, президенттик аппарат да бул маалыматты тастыктап же четке кага элек болчу.