SerepTV Logo

1-апрелге карата Токтогулдагы суунун көлөмүн кеминде 8 миллиард метр кубга жеткирүү тапшырылды

1-апрелге карата Токтогулдагы суунун көлөмүн кеминде 8 миллиард метр кубга жеткирүү тапшырылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Жалал-Абад облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барды. Станциянын учурдагы иши, суунун көлөмү жана төртүнчү гидроагрегатта жүрүп жаткан оңдоо иштери тууралуу маалымат угулду. Акылбек Жапаров оңдоп-түзөө иштерин өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо, ошондой эле 1-апрелге карата суунун көлөмүн кеминде 8 миллиард метр кубга жеткирүү тапшырмасын берди.