Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалганы боюнча Дастан Бекешев үн катты
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалганы боюнча депутат Дастан Бекешев үн катты.
"Саламаттыкты сактоо министрин бюджеттик каражатка негизсиз вакцина сатып алууга айыптап жатышат. Бирок Жогорку Кеңешке коронавируска каршы вакцина боюнча кредиттик макулдашууну алып келишкен", - деп жазды депутат.
Бул аралыкта Башкы прокуратурадан Алымкадыр Бейшеналиевге карата 7 кылмыш иш козголгонун билдиришти.