SerepTV Logo

Алымкадыр Бейшеналиев: "Президент мага экөөбүз бир командабыз, иштей бериңиз деди"

Алымкадыр Бейшеналиев: "Президент мага экөөбүз бир командабыз, иштей бериңиз деди"
19-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Жанар Акаев саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алууну өкмөткө сунуштоо демилгесин көтөрүп, комитет мүчөлөрү аны колдошкон. Ошол эле күну саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сереп Медиа маалымат агенттигине депутат Жанар Акаев мындай жол менен андан өч алып жатканын билдирген. «Ал өзүнүн медицина тармагында бир күн иштебеген жардамчысын Ошко башкы дарыгер кыл деп суранганда, мен болбой койгом. Ошон үчүн өч алган атат. Ошол жерде отургандардын баарын кимди каякка башкы дарыгер, же кайсы орунга коюуну суранышканын да айтып бере алам. Мен эч биринин суранычын аткарбай койдум. Мен профессионалдарды коём. Ошон үчүн алар мага каршы чыгып жатышат. Мен бүгүн президентке кирип, керек болсо, ким кайсы кызматты сурап жатканын уктуруп салам», — деген эле. Бүгүн министр Алымкадыр Бейшеналиев Сереп Медиа агенттигине бул боюнча президент менен сүйлөшүп чыкканын билдирди. «Ал мени «экөөбүз бир командабыз, иштей бериңиз» деди.  Мен өз программамды бүтүрүп туруп кетишим керек. Мага чейинки министрлер, менден кийинки министрлер мен кылганды кыла албайт. Реформа кылып жатабыз, айлыкты көтөрүп жатабыз. Дагы бир аздан кийин 100% эмес, андан көпкө көтөрөбүз, ага акча табабыз. Өкмөт деле бул боюнча эчтеке деген жок. 2-3 депутаттын туугандарын жумушка койбой койгонум үчүн жумуштан кет дей берсе, анда алар деле алыс бармак беле?»- деди министр.
Unknown Author