"Альянс" партиясынын тең төрагасы Мирлан Жээнчороев: "Шайлоо тынч өтсө мамлекетибиз өнүгүү тарапка багыт алат"
"Альянс" партиясынын тең төрагасы Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышты. Ал Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы №1149 шайлоо участогунан өзүнүн атуулдук милдетин аткарып, добуш берди.
“Биз шайлоону таза өткөрүшүбүз керек. Анткени бул мезгилдин талабы жана элдин талабы. Бул шайлоо тынч өтсө мамлекетибиз өнүгүү тарапка багыт алат”, - дейт Жээнчороев.
https://www.youtube.com/watch?v=6MwUnB8ckjw