Алтынбек Сулайманов: "Экс-президент өзү баш болуп бизге каршы иштеди"
"Супер ТВ" каналынын "Саясий коктейль" берүүсүнө Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов келип, маек берди. "4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Бир болго" президенттик аппарат жардам берди" деген кептерди ал четке какты.
"Экс-президент өзү баш болуп, анын командасындагылар баары, президенттик аппарат, троллдору бизге каршы иштеди. Ал бир проект дешти, Батыштын долбоору дешти. Бизге келе турган көп балдар-кыздарды келтирбей коюшту",- дейт ал.
Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүңүз.