Алтынбек Жумаев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды
Алтынбек Жумаев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Жумаев Алтынбек Токтомуратович Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.