Эргешов президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчилигинен бошотулду
Алтынбек Эргешов президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Ал бул кызматка өткөн жылдын октябрь айында дайындалган болчу.