SerepTV Logo

Алтын казган ишканалар үчүн электр тогунун баасын 4 сом 70 тыйынга чейин көтөрүү сунушталды

Алтын казган ишканалар үчүн электр тогунун баасын 4 сом 70 тыйынга чейин көтөрүү сунушталды
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети 6-апрелде “2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин иши жөнүндө” маселени карады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Бул маселе боюнча баяндаманы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Азат  Ишеналиев жасады. Анын айтымында, баары болуп 13 компанияга лицензия берилген. 2020-жылы отун- энергетикалык комплексинин 32 субъектине текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында жалпы суммасы 82 миллион сомдук бузуулар аныкталган. 2015-2020-жылдары 209 текшерүү жүргүзүлүп, 225 миллион сомдук бузуулар аныкталган, 146,5 миллион сом республикалык бюджетке которулган. Талкуу учурунда депутаттар Экмат Байпакбаев, Сагындык Келдибаев "өндүрүлгөн электр энергиясын эмне үчүн мамлекет өзү сатпайт, эмне үчүн пайданы ортомчу табат, мамлекет өзү сатса болбойбу?" деген суроолорду коюшту. Кожобек Рыспаев тариф маселесине токтолуп, эгер электрдин баасы 15 тыйынга көтөрүлсө, электр компаниялары канча пайда табаарына, депутат Үмбеталы Кыдыралиев сугат мезгилинде кошуна өлкөлөргө суу берилгени Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнө кандай таасир этерине кызыкты. Депутат Эрмамат Тагаев алтын казган ишканалар үчүн электрдин баасын 4,7 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. Талкуунун жыйынтыгында комитет маалыматты эске алып, агенттиктин ишин жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарды берди.
Unknown Author