SerepTV Logo

Алмас Абытов президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү болуп дайындалды

Алмас Абытов президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү болуп дайындалды
Абытов Алмас Ахунжанович президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду. Аталган кызматты буга чейин Анарбек Калматов ээлеп келген. Ал бүгүн, 27-октябрда президенттин администрациясынын ырайым берүү боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы болуп дайындалганы айтылды.