SerepTV Logo

"Алган добуштарын санаган соң, бирөөгө асылсын". Жаңы депутат Талант Мамытовго жооп берди

"Алган добуштарын санаган соң, бирөөгө асылсын". Жаңы депутат Талант Мамытовго жооп берди
Өмүрбек Бакировдун ордуна келген депутат Равшан Рысбаев Жогорку Кеңештин жыйынында дарегине айтылган сөздөргө комментарий берди. "Бул сот процесси 2 жылдан бери созулуп келе жатат. Аны Мамытов жакшы билет. Добуш сатып алуу менен кармалып, иш козголуп турганда колунан жетелеп келип, 7-кабатка отургузуп алган. Мына акыйкаттык бар экен. Депутаттыгын тапшырып отурат. Ээси келсе, бээсин бер дейт. Мени 10 миңден ашык эл шайлаган. Мамытов өзү алган добушту салыштырып, анан бирөөгө асылсын", - деди ал.

21-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Талант Мамытов Өмүрбек Бакировдун мандатынан ажыратылышы боюнча комментарий берип жатып, "Бул жердеги депутаттардын баары шайланган, бирок ал катталган. Бул жерде кантип отурат?" деп суроо салган эле. 

edita