Алга Кылычов: "Асылбек Жээнбеков Атамбаевди экинчи Кудайым дечү"
Асылбек Жээнбеков бир кезде Алмазбек Атамбаевди Кудайындай көрчү. Бул тууралуу КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов СуперТВнын "Саясий коктейль" берүүсүндө билдирди.
Ал өз маегинде түрмөдө отурганда көргөн кыйноолору, Жээнбековдордун чыныгы жүзү, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Садыр Жапаровдун президент болушуна карата мамилеси тууралуу кеп курду.
Андан тышкары өзү Асылбек Жээнбековдун коомдук кеңешчиси болуп турган кези тууралуу эскерди.
"Мен анын коомдук жардамчысы болдум. 2010-жылдан кийин, элибиз тонолуп атканда элдик кошуун негиздегем, ДНД деп койсок болот. Өзү башында жакшы, кол сунган киши болуп көрүнгөн. "Эл үчүн иштеп жатасыз, рахмат!" десек, "Ээ, балдар, менде 2 Кудай бар, биринчи Кудайым - Жараткан Алла Таала болсо, экинчиси - Алмазбек Шаршенович. Мага эмес, Алмазбек Шаршеновичке рахмат айткыла" дечү. Жумасына бир жолу көрүшөсүң. Булардын ниеттери мындай экенин билген жокпуз да. Мен дагы өз күнөөмдү билем. Кыргыз элине трагедия болгон Сооронбай Жээнбековдун бийликке келишине салым кошконумду мойнума алам. Ал күнөөм үчүн кыргыз элимден кечирим сурайм", - деди ал.