SerepTV Logo

Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын алды

Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын алды
Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев мандатып тапшырып, ордуна Алайбек Алымбаев келди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Чечимди бүгүн, 17-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кабыл алган. Тулендыбаев депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн арыз берген. Ал "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат болчу. Алайбек Алымбаев "Биздин Кыргызстан" партиясынын атынан Бишкек шаардык кеңешине ат салышканы маалым.