SerepTV Logo

"Ал менин кызым эмес". Вице-спикер "атам" деп сүрөтүн жарыялаган кыздын видеосу боюнча үн катты

"Ал менин кызым эмес". Вице-спикер "атам" деп сүрөтүн жарыялаган кыздын видеосу боюнча үн катты
Буга чейин социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин кызы делген кыздын видеолору тарап, ал коомчулукта талкуу жаратып жаткан эле.
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев журналисттерге комментарий берип, видеодогу кыз анын кызы эместигин билдирди. "Бул менин кызым эмес. Менин 4 балам бар. Улуу кызым турмушка чыккан. Кичүүсү мектепти аяктап жатат, көркөм гимнастика боюнча спорт чебери, Бишкек шаарынын төрт жолку чемпиону. Ошондой эле 12 жана 7 жаштагы эки уулум бар», - деди ал. Кыздын мындай аракетинин себебин билесизби деген суроого депутат «Жөн эле биринчи туш келген сүрөттү алып, бетимди смайлик менен жаап койгон» деп божомолдоду ал.