«Ал менин бир тууганым эмес». Депутат Мирлан Бакиров инисинин кармалышы боюнча үн катты
Жогорку Кеңештин депутаты, экс-вице-спикер Мирлан Бакиров тууганы Төлөн Бакировдун кармалышы боюнча SEREP MEDIA маалымат агенттигине комментарий берди.
Анда ал коомчулукка туура эмес маалымат тараганын айтып, УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон Төлөн Бакиров менен туугандык катнашы болгону менен "Ал менин бир тууган иним эмес" деди.
“Ооба ал камакка алыныптыр, кечээ сот отуруму болуп, анда ага мурун иштеп кеткен кызматы тууралуу айыптар коюлуптур. Албетте коюлган айыптар чын болуп, күнөөсү далилденип такталса, жоопко тартылышы керек”, - деп айтты Бакиров.
Кечээ УКМК тарабынан Кочкор-Ата жылуулук менен камсыздоо ишканасынын жетекчиси Төлөн Бакиров кармалган. Анда ал мурдагы кызматына байланыштуу айыпталып жатканын УКМК билдирип, буга чейин Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жетекчиси кызматында жүргөндө коррупциялык иштерге барган деп маалымат тараткан. Ошондой эле жергиликтүү басылмалар камакка алынган Төлөн Бакиров менен депутат Мирлан Бакиров бир тууган ага-инилер экенин жазып чыгышкан болчу.