Акылбек Жапаров Петербургдагы форумга катышуу үчүн учуп кетти
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 17-июнда Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумдун ишине катышат.
Министрлер кабинетинин башчысы «Евразиялык экономикалык биримдик: интеграциянын жаңы сапаты» панелдик сессиясында сөз сүйлөйт. Форум алкагында Акылбек Жапаров бир катар компаниялардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.
Маалымдама: Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форум туруктуу өнүгүүнү камсыздоо максатында глобалдык экономиканын негизги маселелерин талкуулоо жана алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаларды жана компетенцияларды алмашуу үчүн эл аралык аянтча болуп саналат.