Акылбек Жапаров отставкага кетиши мүмкүнбү? Өзүнүн жообу
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров отставкага кетиши мүмкүндүгү тууралуу комментарий берди.
"Андай ыктымалдуулук дайыма бар. Ошондуктан, иштей беребиз. Баары Кудай айткандай болот", - болот деди ал.
Акылбек Жапаров отставкага кетүү мүмкүндүгүн эч качан жокко чыгарбоо керектигин да билдирди. "Төрөлгөндүн баарында өлүм да бар. Адам премьер-министр болдубу, бир күнү ал кызматтан кетет. Ал күндү кечке ойлоно берсе, ал эч качан иштебейт", - деди Министрлер кабинетинин төрагасы.