SerepTV Logo

Министрлик жана ведомстволордун статс-катчыларын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечимге кол коюлду

Министрлик жана ведомстволордун статс-катчыларын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечимге кол коюлду
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлик жана ведомстволордун статс-катчыларын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечимге кол койду. Аталган чечим «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы күчүнө киргендигине байланыштуу кабыл алынган. Буга байланыштуу төмөндөгүлөр ээлеген кызматынан бошотулду: Акмолдоев Айбек Кудайбергенович - Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы; Алишеров Нурдин Куванычбекович - Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы; Бардинова Нуржан Арзыкуловна - Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы; Бопушева Жылдыз Жоробековна - Инвестициялар министрлигинин статс-катчысы; Борубаев Самат Нарматович - Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; Кененбаев Чынгыз Токтобекович - Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы; Мамбетов Азамат Муратович - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы; Мамыров Кутман Омурзакович - Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы; Мойдинов Исламбек Жанышович - Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы; Сагымбаев Абдисамат Акимович - Санариптик өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы; Секимов Бактыбек Шайыкбекович - Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин статс-катчысы; Шадыханов Калысбек Токтосунович - Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы; Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич - Юстиция министрлигинин статс-катчысы.