Акылбек Жапаров, Курманкул Зулушев жана Улан Ниязбеков аймактарды кыдырышат
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров райондорду кыдырып, жергиликтүү тургундарды кабыл алуу менен алардын суроо талаптарын угат. Бул тууралуу Акылбек Жапаров Нарын облусунда болгон жумушчу сапары учурунда билдирди.
"Бизге келген кайрылуулардын 80 пайызы укук коргоо органдарына байланыштуу болууда. Тергөө иштерине, соттук процесстерге даттанган жарандар арбын. Ошондуктан алдыдагы күндөрү башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен биргеликте аймактарды кыдырып, жеринде элдин кайрылууларын угабыз. Алгачкы жолугушууну Токтогул районунан баштайлы деген планыбыз бар", - деди Жапаров.