SerepTV Logo

Акылбек Жапаров "Кумтөр" тууралуу: "Жаңы жылга чейин акыркы жолу жолугуп, эсеп-чотторубузду белгилейбиз"

Акылбек Жапаров "Кумтөр" тууралуу: "Жаңы жылга чейин акыркы жолу жолугуп, эсеп-чотторубузду белгилейбиз"
Бүгүн, 28-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров шайлоо тилкесине барып, өз добушун берди. Ал добуш берип чыккан соң, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кумтөр маселесине токтолду. "Кумтөр маселеси толугу менен чечилди. Центерра компаниясы мындан ары "Кумтөр" кенине ээлик кылбай калганын тастыкташты. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Женевада биринчи ирет сүйлөштүк. Жаңы жылга чейин алар жолугушабыз деген өтүнүчүн жиберди. Балким, шайлоо бүткөндөн кийин акыркы жолу жолугуп, так эсеп-чотторубузду белгилеп бүтөбүз. Биз эч качан өзүбүздүн кенибизден баш тартпайбыз. Быйыл алтындын баарын казып атышат. Салык убагында төлөнүп жатат", - деди ал. Ал мындан тышкары, кенге тез-тез барып жатканын, Теңгиз Бөлтүрүккө ыраазы болуп жатканын айтты. "Канадалыктарга караганда бир топ тың иштеп аткан экен. Экологияны да бузбаганга аракет кылып жатабыз", - деди ал.