Акылбек Жапаров кийинки жылы кимдердин айлык акысы көтөрүлөрүн айтты
Кечээ, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон "2024-жылы мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлөбү?" деп сурады.
"Көбөйбөйт. Жакшы эле көбөйттүк", - деди Жапаров."Кээ бир бюджеттик мекемелерде 7 миң сом айлыкка иштеген кызматкерлер бар", - деди депутат.
"Ошолорду түздөгөнгө аракет кылабыз. Эң аз алып жаткандарды көтөрүш керек. Муну Садыр Жапаров айтты. Бирок 70 миң сом алып жатканы коё турсун", - деди төрага.