SerepTV Logo

Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Ош облусунда жүрөт

Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Ош облусунда жүрөт
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Жумушчу сапарынын жүрүшүндө ал Ош мамлекеттик университетине барат жана бир катар өнөр жай объектилерин кыдырып, Ош шаарын өнүктүрүү программасы жана борбордук көчөлөрдөгү транспорттук тыгындарга жол бербөө максатында иштелип чыккан унаа жолдорун куруу долбоору менен таанышат. Акылбек Жапаров ошондой эле Ош шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча долбоору менен таанышмакчы.