SerepTV Logo

Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ташкентке барды

Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ташкентке барды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Өзбекстандын Ташкент шаарына барды. Аны Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Жумуш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы Эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына, ошондой эле Ташкент эл аралык III инвестициялык форумуна катышат. Иш-чаралардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт, ошондой эле энергетика, курулуш компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
info