SerepTV Logo

Акылбек Жапаров энергетика министрине оозеки эскертүү берди

Акылбек Жапаров энергетика министрине оозеки эскертүү берди
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергетика министри Доскул Бекмурзаевге оозеки эскертүү берди. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Министрлер кабинетинен тастыкташты. Маалыматка караганда, 30-июнда Жапаров Бекмурзаевди иш бөлмөсүнө чакырып, аны менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Жыйындын жыйынтыгында Министрлер кабинетинин башчысы министрге оозеки эскертүү берген.