SerepTV Logo

Акылбек Жапаров эмне үчүн кызматтан кетти? Ордуна ким келет?

Акылбек Жапаров эмне үчүн кызматтан кетти? Ордуна ким келет?
Акылбек Жапаровдун кызматтан бошотулгандыгы тууралуу расмий маалымат таратылды. "Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Жапаров Акылбек Усенбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта. Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. "Министрлер кабинетинин төрагасы кызмат ордуна дайындоо үчүн Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет", - деп айтылат Министрлер кабинети тараткан маалыматта.
edita