Акылбек Жапаров "Центерра" компаниясын Кыргызстандын ишине кийлигишкен деп айыптады
"Centerra Gold" Кыргызстандын мамлекеттик ишине активдүү кийлигишкен. Бул тууралуу "Кумтөрдүн" ишин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, канадалык компания айрым саясатчыларга көптөгөн жылдар бою карьерасын курууга жардам берип келет. «Айрым активисттер жана саясатчылар компанияны сындагандыгы үчүн түрмөгө отурушкан, ал эми башкалары "Centerra Gold" компаниясынын жардамы менен карьераларын курушкан. Компания аларга премьер-министрдин, ал тургай президенттин кызматын ээлөөгө жардам берди», - деди Акылбек Жапаров.
Ал белгилегендей, "Кумтөр" долбоорунда мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо үчүн өлкөнүн бир дагы лидери өз укугунан пайдаланган жок.