SerepTV Logo

"Эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун башчысынын бошотулганына кабатырбыз". АКШ Көлбаев тууралуу билдирүү жасады

"Эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун башчысынын бошотулганына кабатырбыз". АКШ Көлбаев тууралуу билдирүү жасады
Бүгүн, 3-мартта АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Камчы Көлбаевдин бошотулганы боюнча билдирүү жасады. Билдирүүдө элчилик Америка Кошмо Штаттары баңгизат сатуу, адам сатуу, курал-жарак сатуу жана башка коркунучтуу кылмыш иштери менен алектенген, эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, киши өлтүрүү үчүн жоопко тартылган Камчыбек Көлбаевдин бошотулгандыгына байланыштуу тынчсызданып жаткандыгын айтышты. Камчыбек Көлбаевдин баңгизаттарын сатуу тармагы Борбор Азияда, Орусияда жана Европада балдарды ууландырып келет, ушул себептен АКШнын Мамлекеттик департаменти анын кылмыштуу тармагынын бузулушуна алып келген маалымат үчүн 1 миллион долларга чейин сыйлык сунуш кылган,-деп билдирди АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу. Ошондой элчиликтин маалыматына караганда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу жакында эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги менен жолугушуп, анда элчи кыргыз укук коргоо органдарына Көлбаевдин ишин иликтөө жана сот алдында жоопко тартуу аракетин колдоо боюнча АКШнын милдеттенмесин айткан. Белгилей кетсек, кечээ 2-мартта Бишкек шаардык соту тарабынан "мыйзамдагы ууру" делген Камчы Көлбаев үй камагына чыгарылган. Анда анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү айтылып, тактап айтканда, Бишкек шаардык соту кримтөбөл Камчы Көлбаевди чет жакка чыкпоо тилкатынын негизинде абактан бошотуу чечимин кабыл алганы маалым болгон. Буга чейин кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев 21-октябрда УКМК тарабынан Бишкек шаарында кармалган. Ал «Уюшкан кылмыштуу топту түзүү» беренеси боюнча айыпталып жаткан болчу. Көлбаев 2-ноябрь күнү ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган болчу.
Unknown Author