АКШ эмне үчүн Шадиевди Кыргызстанга кайтарып бербей жатат? Элчиликтин жообу
Америка кошмо штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лунун басма сөз катчысы Нолэн Жонсон экономикалык кылмыштарга шектүү делген мурунку вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди АКШ тарап эмне үчүн Кыргызстанга кайтарбай жатканын түшүндүрдү.
Анын айтымында, АКШ менен Кыргызстандын ортосунда кылмышка шектүүлөрдү экстрадициялоо боюнча келишим жок. Түзүлгөн эмес.
«1-мартта элчи Дональд Лу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен Шадиев маселесин талкуулаган. АКШ тарап Кыргызстанга тиешелүү делген активдер жана айрым физикалык жактар боюнча да Кыргызстан менен мыйзам чегинде кызматташууга даяр. Биздин кызыкдар экенибизди ырастаган дагы бир мисал, 2019-жылы АКШ Максим Бакиевдин коррупциялык жол менен чыгарып кеткен 4,5 млн долларын Кыргызстанга кайтарып берген», — деп билдирди Нолэн Жонсон
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров «Азаттыкка" берген маегинде АКШ Кыргызстандагы айрым коррупциялык иштерге тиешелүү жарандарга карата кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатканын айтып, сындаган болчу.