Акаев: "Бир аптадан бери Орусия менен Беларустан IT-адистер бизди арзан өлкө деп келип жатышат"
"Бир аптадан бери Орусия менен Беларустан IT-адистер бизди арзан өлкө деп келип жатышат". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев бүгүн, 10-мартта билдирди.
"Чоң кризистер чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат" деп Уинстон Черчилль айткан. Бир аптадан бери Орусия менен Беларустан күнүнө ондогон IT-адистери бизди арзан жана туруктуу өлкө деп келип жатышат. IT-технопарк бар эле, ошол жерден аларга имарат берип, жайгаштыруу жагын карап берсек", - деди ал.