SerepTV Logo

"Ак үйдө "крышам" бар дейт". Депутат өлкөдө эки эрке министр бар экенин айтты

"Ак үйдө "крышам" бар дейт". Депутат өлкөдө эки эрке министр бар экенин айтты
"Биздин эки эрке министрибиз бар". Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында айтты.  "Биринчиси - жаратылыш министри Динара Кутманова. Сын айтсаң "Ак үйдө "крышам" бар дейт. Экинчиси - Тилек Текебаев. Ооруп атат деген бул... Мен деле ооруп жатам. Ооруп жаткан депутаттар деле келди го. Депутаттарды кичине сыйлап койгула, биз деле душман эмеспиз",- деди депутат.