"Ак-Бата" партиясы Бишкек шаардык кеңешинин мандатынан баш тартат
"Ак Бата" партиясынын лидери Нариман Түлеев акыркы чыдам массалык маалымат каражаттарында жарыяланган билдирүү жана Салымбековдун партиялаштары Баткен шаарына бала бакча куруу үчүн жөнөп кетти деген жарнамалык видео болгонун баса белгиледи. Анын айтымында, "Ак-Бата" партиясы деле жардам берип жүргөн. Бирок аны эч жакка жарыя кылган эмес.
"Эмгек" партиясы тарабынан бузулган мыйзамдар тууралуу ЖМКларга жарыяланып жатты, бирок азырынча эч кандай чара көрүлө элек. БШК “Эмгек” партиясынын мыйзам бузууларын өжөрлүк менен көрмөксөнгө салат. Сокур жана дүлөй болуш үчүн канча убакыт талап кылынат? Шайлоолор одоно мыйзам бузуулар менен өттү жана тарыхта эң ыплас шайлоо катары калат деп ишенем. Мен шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышын талап кылам. Кайра шайлоого "Эмгек" катышпашы керек. Эгер бул партияга карата БШК чара көрбөсө, анда "Ак-Бата" мандаттан баш тартат", - деди ал.