Депутат Айсулуу Мамашова локдаун учурунда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салууну сунуштады
Күйөөсү балдардын көзүнчө аялды ур-токмокко алса, участкалык милиция келип "бул сенин тагдырың" дептир. Бул милиция кызматкеринин берчү жообу эмес да. Бул тууралуу бүгүн, 24-марттагы жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова билдирди.
Анын айтымында, мындай учурда участкалык милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.
"Мен жакында эле үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аял боюнча кайрылдым эле. Ал күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынып, участкалык милицияга кайрылган экен. Бирок алардан жардам ала албаган аял жардамды четтен издөөгө туура келиптир. Бул өтө аянычтуу. Биздин жарандар корголушу керек. Участкалык милиция "бул сенин тагдырың" деп айтуу менен чектелиптир. Бул милиция кызматкеринин берчү жообу эмес да. Эгер ИИМдин кызматкерлери ошол жаранга түшүндүрүү иштерин жүргүзсө, бул кайталанбайт эле да", - деди ал.
Мындан тышкары ал, локдаун учурунда өлкөдө спирт ичимдиктерин сатпоону сунуштады.
"Өзүбүз көрүп-билип жатабыз. Карантин, локдаун учурунда үй-бүлөлүк зомбулук күч алды. Ошондуктан андай учурда спирт ичимдиктерди сатууга тыюу салышыбыз керек. Бул жакшы профилактика болмок", - деди эл өкүлү.