SerepTV Logo

Аида Касымалиева: "Бул ирет шайлоого катышпайм, бирок мамлекетибиз жана элибиз үчүн кызматтамын"

Аида Касымалиева: "Бул ирет шайлоого катышпайм, бирок мамлекетибиз жана элибиз үчүн кызматтамын"

Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Аида Касымалиева алдыдагы парламенттик шайлоого катышпай турганын билдирди.

"Кымбаттуу мекендештер, санаалаштар, достор! Эртең шайлоого катышууну каалаган талапкерлер, партиялар үчүн документтерди толук тапшыруу үчүн акыркы күн. А мен болсо, сиздерге өз чечимимди алдын ала билдирип коюуну туура көрдүм. Бул ирет шайлоого катышпайм, бирок ар дайым мамлекетибиз жана элибиз үчүн кызматтамын. Бардык талапкерлерге, айрыкча айымдарга ийгилик каалайм", - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.