SerepTV Logo

Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду
Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Өкмөттүн маалыматында, Бузурманкулов башка ишке өткөнү айтылган. Айрым маалымат булактары Бузурманкуловдун РСК-банктын Директорлор кеңешинин курамына киргенин жазышууда. Айбек Бузурманкулов Талас облусунун 1983-жылы Талас облусунун Талас районуна караштуу Көк-Токой айылында туулган.
altinay