SerepTV Logo

Айбек Бузурманкулов: "Мамлекет Жер-Үйдөн үлүшүн алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү башташ керек"

Айбек Бузурманкулов: "Мамлекет Жер-Үйдөн үлүшүн алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү башташ керек"
Кыргызстан Жер-Үй алтын кенинен өз үлүшүн алышы керек. Бул туурасында жарандык активист, өкмөттүн Талас облусундагы мурунку өкүлү Айбек Бузурманкулов Фейсбуктагы баракчасында билдирди. Ал кен боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимди "аферисттик" деп атады. Анын айтымында, конкурстун канчалык негизде мыйзамдуу өткөнү суроо жаратат. "Сынактын шарты боюнча негизги талаптардын бири - уткан компаниянын алтын иштетүүдө 5 жылдык тажрыйбасы болушу керек эле. Мен "Альянс Алтындын" андай тажрыйбасы барбы деп, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетине кат жөнөткөм. Алар бул суроомо жооп бере алышкан жок. Демек, бул компанияда андай тажрыйба жок.  Экинчиден, алар Кыргызстандын 589 миллион доллар карызын төлөп бердик дешти. Бул жалган. Мен өкмөттүн алдындагы соттук өкүлчүлүк борборуна кайрылсам, "Кыргызстан кимдир бирөөгө 589 миллион доллар төлөп бериши керек" деген чечим жок дешти. Демек, бул дагы афера. Жер-Үйдө жалпы наркы 6 миллиард долларлык алтын бар. Андыктан, бул иштерди көз жаздымда калтырбаш керек. Курамына депутаттар, министрлер, эл сыйлаган коомдук ишмерлер кирген мамлекеттик комиссия түзүш керек. Алар сүйлөшүү жолу менен ишти элдин пайдасына чечип, Жер-Үйдөн кыргыз элинин үлүшүн алып бериши зарыл. Эгер депутаттар комиссия түзө албаса, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2015-жылы өткөн конкурс боюнча кылмыш ишин козгошу кажет. Ошондо ал жакта кимдин канча үлүшү бар экени, келишим кандай түзүлгөнү белгилүү болот. Мамлекеттин үлүшү жок болуп калганы туура эмес. Салык төлөйт дешет, салыкты бардык ишкер төлөйт", - дейт ал.
Unknown Author