"Аэрофлот" кийинки аптадан тартып Кыргызстанга уча баштайт
"Аэрофлот" кийинки аптадан тартып Кыргызстанга уча баштайт". Бул тууралуу кечээ, 10-мартта транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Авиа Траффик Урал" жана "Аэрофлот" авиакомпаниялары макулдугун беришти. Эмки аптадан тартып, буюрса, уча баштайт", - деди ал.
Бирок каттамдар жанданары тууралуу "Аэрофлоттун" расмий сайтында маалымат жарыяланган жок.
Орусиялык ири авиакомпания болгон "Аэрофлот" 8-марттан тартып чет өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга да учкан бардык каттамдарын токтоткон. Мындан улам айрым депутаттар Москвадан Бишкекке авиабилеттер кымбаттаганын билдиришкен.