SerepTV Logo

Адвокат Данияр Эркимбаев: "Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыялаган жок"

Адвокат Данияр Эркимбаев: "Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыялаган жок"
Мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыялаган жок, деп билдирди жактоочусу Данияр Эркимбаев бүгүн, 22-февралда. Буга чейин Абылгазиев ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалыматтар тараган. «Бул чындыкка дал келбейт. 19-февралда жолукканда ачкачылык тууралуу сөз да болгон эмес»,- деди адвокат. Биринчи май райондук сотунда 28-январда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы каралды. Анын жыйынтыгында Абылгазиев 26-мартка чейин камакка алынган. Абылгазиев мыйзамсыз баюу жана коррупцияга шектелүүдө.
edita