SerepTV Logo

Адахан Мадумаров: "Кумаркана ачуу боюнча кабыл алган чечимиңер мыйзамсыз"

Адахан Мадумаров: "Кумаркана ачуу боюнча кабыл алган чечимиңер мыйзамсыз"
Кумаркана ачуу боюнча кабыл алган чечимиңер мыйзамсыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңешке юристтин келип, мыйзамды чечмелеп бергени туура эмес. "Конституцияны бир жигиттин чечмелеши башаламандык. Кыргыз тарыхында мындай болгон эмес. Болуу да мүмкүн эмес", - деди ал. Кечээ, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында кумар оюндарына уруксат берген мыйзам долбоор 2-3-окууда каралып, өткөн. Добуш берүүдө 59 депутат «макул», 9 депутат «каршы» болду. Жыйында юрист Конституциянын 86-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык мыйзам өттү деп эсептесе болорун айткан. Төрага Талант Мамытов мыйзам долбоор өткөнүн жарыялаган.