Адахан Мадумаров: "Кемпир-Абад Өзбекстанга мыйзамдуу түрдө өтө элек. Бирок келишимге кол коюлган"
Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга мыйзамдуу түрдө бериле элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине депутат Адахан Мадумаров билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстандын премьер-министри менен Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын ортосунда суу сактагычты Өзбекстанга өткөрүү боюнча келишимге кол коюлган. Бирок бул келишим мыйзамдуу күчүнө кире элек.
https://youtu.be/V73aocZazbs