Абдил Сегизбаевдин Белизгейт боюнча сурак берип жаткандыгы белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге каршы Белизгейт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш "Ата Мекен" фракциясынын мурунку лидери Алмамбет Шыкмаматовдун арызынын негизинде козголгону айтылууда.