SerepTV Logo

Баткендин жаңы башчысы болуп дайындалган Абдикарим Алимбаевдин өмүр баяны

Баткендин жаңы башчысы болуп дайындалган Абдикарим Алимбаевдин өмүр баяны
Абдикарим Алимбаев Карбекович 1973-жылы 19-апрелде Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Жогорку билимдүү. Билими: 1995-жылы — Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин аскер институтун аяктаган. 2006-жылы — Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын аскер академиясын бүтүргөн. Эмгек жолу: 1993-2013-жылдары — Чек ара кызматынын түрдүү чек ара бөлүмдөрүн жетектеген; 2013-2014-жылдары — Чек ара кызматынын Ош, Жалал-Абад облустарындагы аймактык чек ара башкармаларын башкарган; 2014-2016-жылдары — Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары; 2016-жылдын 16-майынан 8-ноябрына чейин — Чек ара кызматынын жетекчиси; 2018-жылдын 8-майында - Башкы штабдын башчысы, Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Unknown Author