SerepTV Logo

Аалы Карашев: "Паспорттордун бланкасын кечиктиргендер жооп бериш керек"

Аалы Карашев: "Паспорттордун бланкасын кечиктиргендер жооп бериш керек"
Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев өлкөдөгү паспорттук кризис маселесин көтөрдү. Анын айтымында, өлкөдө паспорттордун бланкасынын түгөнүүсү өнөкөткө айланды. «Дайыма эле бланкабыз түгөнүп калды деп паспорттордун мөөнөтүн жылдырабыз. 6 айга узартабыз мөөнөтүн, бир жылга узартабыз. Башка мамлекеттер эмне дейт эми?!  Паспорттун мөөнөтү өтүп кетсе, биздин узартып койгонубузду алар түшүнөбү-түшүнбөйбү. Ким буга жооп берет? Бланка түгөнүп баратканын билишет да алдын ала эле, 6 ай, бир жыл мурун билет. Алдын ала тендер өткөрүп, буюртма берип камдап алышпайбы! Бул ишке күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин караш керек. Ортодо жөнөкөй жарандай кыйналып жатат» , — деди депутат.
Unknown Author