SerepTV Logo

24-мартта Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берет

24-мартта Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берет

Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезектеги жалпы жыйыны 24-март күнү, саат 10:00гө белгиленди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз  кызматынан маалымдашты.

Жыйында жаңы депутат Айбек Осмоновдун ант бериши күтүлөт. Ал ушул жылдын 28-февралында узакка созулган оорудан кийин каза тапкан Алмазбек Акматовдун ордуна келет.

Айбек Осмонов «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү, бирок кийин анын катарынан чыгып кеткен.
Unknown Author