SerepTV Logo

2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынды

2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынды
Президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койду. 11-апрелдеги референдумда Конституция кабыл алынгандыгына жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Конституциянын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат: 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилсин. Министрлер Кабинети: — 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана кабыл алсын; - 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштырсын; — ушул жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн. Жогорку Кеңешке, сот бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана иш-чаралардын пландарын 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирүү сунушталсын.