Зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаевдин жубайы: "Чыңгыз жөн жерден кесилип кетпейин деп күйүп жатат"
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Чыңгыз Мамаев зордуктоого шектелип, 3 айдан бери убактылуу кармоочу жайда отурат. Актёрдун кесиптештери, жубайы актриса Элмира Тагаева SUPERTV каналы аркылуу коомчулукка кайрылып, соттон адилет чечим чыгарып берүүнү суранышты.
"Кармалган күнү эле Чыңгыздан анализ алышкан. Ал аялга тийген эмес. Өзү да учурда эч нерсе кылган эмесмин деп сыздап жатат. Эгер мен кылган болсом, канча десе ошончо отуруп бермекмин, мен жөндөн жөн кесилип кетпейин деп күйүп жатат", - дейт жубайы.
https://www.youtube.com/watch?v=t8oD1zWlg9A