SerepTV Logo

"Зектер" абактан жеке ишкерлерге чалып, акча талап кылып жүрүшкөн

"Зектер" абактан жеке ишкерлерге чалып, акча талап кылып жүрүшкөн
ИИМдин 3-башкармалыгынын кызматкерлери опузалап акча талап кылууга шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган жана эркинен ажыратылган жерлерде жазасын өтөп жаткандар узак убакыт бою ишкерлик чөйрөсүндө алектенгендерден ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылышкан. 2020-жылдын күз айында белгисиз адамдар товарларды ташуу жана жеткирүү менен алектенген ишкерге чалышып, коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылышканы аныкталган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ишкерге криминалдык чөйрөнүн өкүлү катары өзүн тааныштырган адам келип, акча каражатын жана толук товарын тартып алган. Ишкерге жалпы суммасы 420 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (опузалап талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган. Жакында ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири Ысык-Ата районунда жашаган 1989-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал мурда Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренесинин негизинде соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Жаран Талас облусунан кармалган. ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын маалыматы боюнча кылмышкерлер ишкерлерден кирешелеринин бир бөлүгүн дайыма берип турушун талап кылышкан. Азыркы учурда Чүй облусунун райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн биринин тергөө кызматы жүргүзүүдө.