SerepTV Logo

Ысык-Көлдүн тургуну «Хизбут-Тахрир» уюмунан өз ыктыяры менен баш тартты (видео)

Ысык-Көлдүн тургуну «Хизбут-Тахрир» уюмунан өз ыктыяры менен баш тартты (видео)
Ысык-Көл облусунда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөсү өз ыктыяры менен уюмдан чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарды аныктоо, бөгөт коюу жана алардын ишмердүүлүгүнүн алдын алуу алкагында Түп районунундагы диний кырдаал боюнча жалпы түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары өткөргөн. Анын жүрүшүндө жарандардын бири өз жаңылыштыгын эл алдында моюнга алып, динге ишенгендерди жана экстремисттик көз-карашты колдогон башка мүчөлөрдү исламдын негизинде гана аткарууга чакырды жана бул экстремисттик кыймылдын иш-аракеттеринен мындан ары катышуудан өз ыктыяры менен баш тартты. УКМК тарабынан тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иш-чаралар улантылууда. [video width="640" height="360" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/whatsapp-video-2021-04-01-at-17.35.16.mp4"][/video]
edita